Биз менен байланышыңыз

УКМК «БеспределKGнин» администратору Афтандил Жоробековго карата ишти токтотту

Кыска кабар | 28 мая 2020 | 517 | 0

Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө башкармалыгы «Фейсбуктагы» «БеспределKG» баракчасынын администратору Афтандил Жоробековго карата кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү токтотту.

Бул тууралуу Жоробеков өзү «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Мага карата козголгон кылмыш иш жабылды. Сиздердин колдооңуздар болбогондо, бул кылмыш иши такыр башка нукка бурулуп кетээри толук мүмкүн болчу. УКМКнын тергөө жайына киргизилгенден кийинки алгачкы күндөрү мага катуу басым болду. 4-5 күндөн кийин, коомчулукта жана соцтармактарда чоң нааразычылык жаралганда мага болгон мамиле өзгөрдү, — деп белгилейт Афтандил Жоробеков.

2019-жылдын 24-ноябрында УКМК Жоробековду аймактар ​​аралык кастыкты козутууга шектеп, камакка алган. 5-декабрда ал үй камагына чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM