Биз менен байланышыңыз

Орусиядан келгендер үй карантининин шарттарын бузууда

Кыска кабар | 27 мая 2020 | 556 | 0

Ысык-Көл облусунун аймагында үй карантининин шарттарын бузган үч жаран обсервацияга алынды. Бул тууралуу облустук штабдын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Соль-Илецктен келген 1994-жылы туулган жаран 19-майда үй карантинге алынган. 22-24-майда үй карантининин шартын бузуп, Түп айылында бир нече жерге барган.

Ошондой эле 1993-жылы туулган Москвадан келген жаран 22-майда үй карантинге алынган. Ал 24-26-майда Жаңы-Арык айылын кыдырып жүргөн.

Андан тышкары, 1995-жылы туулган Санкт-Петербургдан келген жаран 18-майда үй карантинге алынган. Бирок 25-26-майда Дархан, Саруу, Кызыл-Суу айылдарына жана Каракол шаарына барып келген.

Учурда үй карантинин бузган бардык жарандар Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык обсервацияга алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM