Биз менен байланышыңыз

Каниметов: Учурда 28 592 адам үй карантининде

Кыска кабар | 27 мая 2020 | 794 | 0

Өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал киргизилген убакта өлкө боюнча үй карантинде 123 638 адам болгон, бүгүнкү күндө алар 28 592 адамды түзөт. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов маалымат жыйынында билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 98 жаран Бузуулар, жоруктар жана кылмыш-жаза кодексине ылайык, карантиндик режимдин талаптарынын алкагында жоопкерчиликке тартылган.

44 жаранга 129 миң сомго айыппул салынып, калган 54 учур боюнча жаза сот тартибинде каралат, анда 30 миңден 60 миң сомго чейин же андан ашык айып түрүндө жаза, ошондой эле 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Ошондой эле, Мирлан Каниметов бардык жарандарды Саламаттыкты сактоо министрлигинин карантин боюнча көрсөтүлгөн талаптарын бекем сактоого чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM