Биз менен байланышыңыз

Мигранттардын акча которуулары 19%га кыскарды

Кыска кабар | 27 мая 2020 | 279 | 0

2020-жылдын биринчи чейрегинде эмгек мигранттарынын акча которуулары 19%га кыскарды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, быйыл жеке жактардын акча которуулары 343 млн долларды түздү. Бул былтыркы жылга караганда 19%га аз.

Кыргызстанда ишкердиктин активдүүлүгү төмөндөп, январь-апрель айларында ички дүң өнүмү 3,8%га кыскарган. Реструктуризацияланган насыя портфелинин суммасы 65 млрд 299 млн сомду түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM