Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 9 бейтаптын абалы оор

Кыска кабар | 27 мая 2020 | 258 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктурган 9 адамдын абалы оор, анын ичинен төрт киши реанимацияда жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Учурда бейтапканаларда 461 адам дарыланууда. 83 адамдын абалы орточо оор, 369 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

27-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 52 жаңы учур катталды. Илдетти ташуучулардын жалпы саны 1520ны түзөт. Алардын ичинен 1043 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM