Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуккандар менен байланышта болгондордун саны 7 миңден ашты

Кыска кабар | 27 мая 2020 | 234 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 7 миң 54 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусунда, учурда оорулуулар менен байланышта болгондор медициналык көзөмөлгө алынган. Ал эми Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 миң 835 адам жатат.

27-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 52 жаңы учур катталды. Илдетти ташуучулардын жалпы саны 1520ны түзөт. Алардын ичинен 1043 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM