Биз менен байланышыңыз

27-майга карата 52 кишиде коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 27 мая 2020 | 1047 | 0

Бүгүн, 27-майга карата Кыргызстанда бир сутка ичинде 52 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кабарлады.

Бир күндө 3706 анализ жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 52 жаңы учур катталды. Ушуну менен илдетти жуктуруп алгандардын жалпы саны 1520га жетти. Ошол эле учурда бир сутка ичинде 28 бейтап айыгып чыкты. Жалпы айыккандардын саны 1043кө жетти.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 299 учур катталды, алардын ичинен 243 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 054. Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 835 адам жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM