Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Кытайдан тышкы карыздын жүгүн жеңилдетүүнү өтүндү

Кыска кабар | 27 мая 2020 | 688 | 0

26-майда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңүүдө кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, министрлер кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу маселелерин, ошондой эле кыргыз-кытай биргелешкен инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу үчүн КЭРден адистердин келүүсүн жана кыргыз экологиялык таза продукциясын КЭРге экспорттоону талкуулашты.

Чыңгыз Айдарбеков кытай тараптан коронавирустук инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга терс таасир тийгизгендигин эске алып, тышкы карыздын жүгүн жеңилдетүүнү өтүндү.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 26-майга карата 1468 адамга жетти. Алардын ичинен 1015 бейтап сакайып, 16 адам каза болду.

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен контактта болгондордун саны — 6875 адам. Ал эми обсервацияда 2333 адам жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM