Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Биз баштагы жашообузга кайтуудабыз

Кыска кабар | 23 мая 2020 | 980 | 0

Акыркы окуяларды эске алуу менен Өкмөттүн иш планы актуалдыштырылат. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн жумушчу кеңешмесинде билдирди.

Анын айтымында, өзгөчө акыркы окуяларга байланыштуу айрым түзөтүүлөрдү талап кылган милдеттердин каралуусу зарыл. Тактап айтканда, айрым өлкөлөр үчүн визасыз режим тутумун, чет өлкөлүк адистер тартылган тоо-кен жана курулуш тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруунун шарттарын өзгөртүүнү кайрадан карап чыгуу керек.

Ошондой эле, парламенттин чечимин талап кылган бардык маселелер боюнча тийиштүү документтер даярдалып, депутаттарга сунушталышы керек.

Кенди чыгаруу, аткезчилик менен күрөшүү үчүн акциздик салыкты киргизүү, амнистия берүү шарттарын кайрадан кароо, салык жана социалдык төлөм нормалары, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселеси, туристтик тармак түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү, Манас аэропортунун ишмердүүлүгү боюнча маселелер бар. Бүгүнкү күндөгү маанилүү милдеттин бири – жумушсуздук маселесин чечүү. Убактылуу жумушсуз жарандарды коомдук иштерге тартуу маселесин иликтөө сунушталууда, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал ошондой эле Өкмөттүн мүчөлөрүнө бардык багыттар боюнча иштерди күчөтүүнү айтты.

Бардык чөйрөлөрдөгү ишмердүүлүк баскычтар менен жанданып жатат. Биз баштагы жашообузга кайтуудабыз. Бул үчүн Өкмөттөн эле эмес, ар бирибизден күч-аракеттерди жумшоо талап кылынат , — деди Өкмөт башчы.

Copyright © 2017 Maral FM