Биз менен байланышыңыз

Жамшитов: Жыштык сатуу боюнча ишти аягына чыгарууга эркибиз жетет

Кыска кабар | 21 мая 2020 | 523 | 0

Жыштык сатуу боюнча кылмыш ишин аягына чыгарууга эркибиз жетет. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин жыйынында депутат Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Эл өкүлү Никитенко жыштык сатуу боюнча өкмөт башчынын да аты аталып жатканын айтып, бул иш качан аягына чыгарын сурады.

Башкы прокурордун айтымында, мыйзам чегинде тийиштүү адамдар суралып жатат. Кимдин аракетинде кылмыштын кандай курамы болсо да жооп берет.

Жыштык сатуу маселесин депутат Жанар Акаев да көтөрдү. Анын суроосуна Башкы прокурордун орун басары Нуркамал Набиев жооп берип, жыштык сатуудагы коррупцияга байланыштуу беш киши камакка алынганын айтты. Ал тергөөнүн купуялуулугу үчүн бардык жагдайларды ачыктай албай турганын билдирди.

Өкмөттүн маалымат кызматы бул иште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тиешеси бар деген билдирүүлөрдү четке каккан.

«Жыштык сатуу иши боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканынан маалыматыбыз бар. Өкмөттүн тергөө иштеринин жүрүшү боюнча комментарий берүүгө укугу жок. Анткени бул тергөөнүн жүрүшүнө басым жасоо катары кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин 20-майдагы жыйынында депутат Жанар Акаев жыштык сатуу фактысы боюнча өкмөт башчынын жооп берүүсүн талап кылган. Ал бул коррупциялык иштен Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси камалганын, андан кийин УКМКнын башкармалыгынын жетекчиси камалганын, Өкмөттүн Аппаратынан да ушул маселе боюнча бүгүнкү күндө сурак берип жатышканын айтты.

Депутаттын маалыматында жыштыктарды арзан баага сатуудан бюджетке дээрлик 5 млрд сом түшпөй калган.

Эске салсак, жакында эле Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы директору Наталья Черногубова коррупцияга шектелип кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM