Биз менен байланышыңыз

Исхак Масалиев депутаттык мандатын тапшырды (видео)

Кыска кабар | 21 мая 2020 | 1286 | 0

Депутат Исхак Масалиев мандатын тапшырды. Бул тууралуу ал парламенттин 21-майдагы жыйынында айтып, мамлекетте азыркы болуп жаткан көйгөйлөргө эл өкүлү катары жеке жоопкерчилигин сезип жатканын билдирди.

-Өткөн жумада өкмөттүн отчётун кабыл алдык. Кагазда башка, бирок сыртка чыксак, турмуш башкача экен да. Өкмөттүн тоготпогон мамилесин сезип жатам. Өздөрү пландалган иштеринин 88 пайызын аткардык деп бюджеттин киреше бөлүгүн акчасын чогулта албаган өкмөт Жогорку Кеңештен канааттандырарлык деген баага жетти. Бул чоң ката. Бүгүн биздин өлкө оор абалда. Миңдеген жарандар чет жактан келе албай жатат. Карантинди токтотуп, элге эркиндик берип жатабыз. Бирок күзүндө дагы коркунуч болот деп айтып жатабыз, ооругандар токтогон жок. Ушул абалда жогорку Кеңеш түздөн-түз жоопкерчиликти мойнуна алыш керек болчу. Биз тапшырма беришибиз керек эле. Биздин алыбыздын жетпегени көрүнүп турат. Оор абалга жеткирген бийликтин арасында мен да турам. Мындан улам, мен депутаттык мандатымды тапшыруу чечимине келдим. 

Масалиев төрт жолу депутат болуп шайланганын, бирок он беш жылда да мыйзамды мындай мамиле менен четке кагып койгон учур болбогонун айтты. Эл өкүлү 25-майдан тарта депутаттык мандатын тапшырат.

Жогорку Кеңештин 14-майдагы жыйынында шайлоо мыйзамдарында босого чекти тогуз пайыздан жети пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору талкууланган. Ал бир топ кайым айтышуулар менен коштолгон.

Айрым депутаттар босого чекти 9 пайыздан 7 пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоору тармактык комитетте регламентти бузуу менен каралган деп айтып чыгышты.

Ал эми 19-майда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери боюнча комитети шайлоо босогосу тууралуу мыйзам долбоорун колдогон жок. Талкуунун соңунда 14 депутаттын экөө 5 пайыздык босого чекке макул, калганы каршы добуш берди.

Шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга төмөндөтүүнү депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешевдер сунуштаган.

Демилгечилердин бири депутат Исхак Масалиевдин айтымында, шайлоо босогосун беш пайызга чейин түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун 6-декабрда беришкен, бирок парламент төрагасы аны 20 күндөн кийин гана тийиштүү комитетке жөнөткөн. Ал эми жети пайызга түшүрүү тууралуу мыйзам долбоору үч күндө комитетке киргизилген.

Шайлоо босогосун 7 пайызга түшүрүү боюнча жаңы мыйзам долбоору февралда сунушталган. Анын демилгечилери Талант Мамытов, Алтынбек Сулайманов, Өмүрбек Бакиров, Азиз Турсунбаев, Кубанычбек Нурматов жана башка 21 депутат бар.

20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков парламентте сөз сүйлөп жатып, 9%дык чек боюнча пикирин билдирген. Ал 9 пайыздык чекке азырынча саясий партиялар даяр эмес экенин айткан.

Исхак Масалиев, президенттин ушул билдирүүсүнөн кийин айрым депутаттар тобу босого чекти 7 пайызга түшүрүүнү демилгелеп чыгышканын билдирген. Башка да эл өкүлдөрү шайлоо мыйзамдарын кароодо комитеттерде регламент одоно бузулуп жатканын айтып, сындашууда.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу 5 пайызды түзгөн, 2015-жылы 7 пайызга жогорулатылган. 2017-жылы 9 пайыздык чек кабыл алынган.

Буга чейин бир топ саясатчылар, жарандык активисттердин катышуусунда бир нече жолу 9 пайыздык чекти төмөндөтүү тууралуу талкуулар өткөн.

Исхак Масалиев бүгүн, 21-майда 60 жашка толду. Ал 2000 – 2005 жылдары II чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаты болгон.

2005 – 2007-жылдары  III чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаты.

2007 – 2010 жылдары  Кыргызстан  Коммунистер партиясынын тизмеси боюнча IVчакырылыштагы Жогорку Кенештин депутатыгына шайланган.

2011 – 2012 жылдары  Кыргызстан Коммунстер партиясынын тѳрагасы.

2012 – 2014 жылдары Мамлекеттик салык кызматынын тѳрагасы.

2015 жылдын 4-октябрында « Ѳнүгүү — Прогресс» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кенештин депутаты болуп шайланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM