Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 43 адамда коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 21 мая 2020 | 691 | 0

Бүгүн, 21-майга карата Кыргызстанда дагы 43 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы табылды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирди.

Жаңы катталган 43 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 22+1 (Санкт-Петербургдан келгендер);
Ош шаары — 5;
Чүй облусу — 1;
Ош облусу — 4;
Нарын облусу — 8;
Баткен облусу — 2.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 19 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

Бишкек шаары – 8;
Ош облусу — 5;
Жалал-Абад облусу — 4;
Баткен облусу — 2.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1313 адамга жетти. Алардын ичинен 929 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM