Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Өзүн-өзү иш менен камсыздаган жарандар киреше салыгынан бошотулат

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2020 | 1393 | 0

Өзбекстанда өзүн-өзү иш менен камсыздаган жарандарды киреше салыгынан бошотуу үчүн жаңы система киргизилет.

«Борбор Азия» жаңылыктар кызматы жазгандай, дээрлик 60тай кесиптин ээлери бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана алат. Маселен, чач тарачтар, өтүкчүлөр, наабайчылар, усталар, тигүүчүлөр, таксисттер, котормочулар, дизайнерлер, программисттер киреше салыгынан бошотулат.

Бул артыкчылыкты колдонуу үчүн салык органдарына телефон аркылуу маалымат берүү жетиштүү болот.

19-майдагы жыйында өлкө президенти Шавкат Мирзиёев: «Акимдерге эскертип коёюн. Эгер бир эле ишкердин мүлкү мыйзамыз тартылып алынса, аким отставка менен эле кутулбайт, ал мыйзам алдында жооп берет», — деп эскертти.

Мирзиёев тиешелүү мекемелерге жеке менчиктин кол тийбестигин бузгандарга жоопкерчиликти күчөтүүнү, ишкерлерге компенсация төлөө жөнүндөгү соттун чечимдери толук кандуу аткарылышы керектигин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM