Connect with us

Боронов: Текшерүү алгоритмдери так аткарылышы зарыл

Кыска кабар | 19 Май 2020 | 448 | 0

Обсервациялык жайларда тийиштүү тартип орнотулуп, жарандардын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоосу катуу көзөмөлгө алынууга тийиш. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Ал «Семетей» обсерваторунда кечээ болуп өткөн жагдай кайталанбашы керектигин баса белгилеп, Саламаттык сактоо министрлигине жана Ички иштер министрлигине тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мезгил-мезгили менен өлкөгө мекендештерибиз алынып келинет, ошондуктан келген өлкөсүндөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен текшерүү алгоритмдери так жана кандайдыр бир талаштуу учурларсыз аткарылышы зарыл, — деди Кубатбек Боронов.

ИИМдин өкүлдөрү белгилешкендей, кечээ «Семетей» обсерваторунда болуп өткөн жагдай боюнча мыйзам чегинде тийиштүү чаралар көрүлөт. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Нарын облусундагы учурдагы эпидемиологиялык абал, ошондой эле Нарын жана Ош шаарларындагы төрөт үйлөрүндөгү жагдай талкууланды. Төрөт үйлөрүнө өзгөчө көңүл бурулат.

Биринчи вице-премьер-министр баса белгилегендей, ар бир оору жугузуп алуу окуясы боюнча оору менен байланышта болгон жактарды толук камтуу аркылуу сапаттуу эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүү зарыл. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Эпидемиологиялык иликтөө борбору бул багытта активдүү иш алып баруу үчүн күчтөндүрүлөт.

Ыкчам штабдын мүчөлөрү ошондой эле 21-майда ишке киргизилүүчү экономикалык ишмердүүлүктүн бир катар багыттарын жандандыруунун үчүнчү этабын ишке ашырууга сапаттуу даярдык көрүү маселесин талкуулашты.

Copyright © 2017 Maral FM