Биз менен байланышыңыз

Дагы 27 адамда коронавирус аныкталып, 71 бейтап айыкты

Кыска кабар | 19 мая 2020 | 593 | 0

Бүгүн, 19-майга карата Кыргызстанда дагы 27  адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирди.

Жаңы катталган 27 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 6 + 1 (Санкт-Петербург ш. келгендерден);
Чуй облусу — 3 (Соль-Илецк ш. келгендерден);
Нарын облусу — 11;
Ош облусу — 6.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 71 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

Бишкек шаары – 55;
Жалал-Абад облусу – 11;
Нарын облусу – 2;
Баткен облусу – 3.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1243 адамга жетти. Анын ичинен 898 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM