Биз менен байланышыңыз

Дагы 6 адамда коронавирус аныкталып, 38 адам айыкты

Кыска кабар | 16 мая 2020 | 820 | 0

Бүгүн, 16-майга карата Кыргызстанда дагы 6 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин өкүлү билдирди.

Жаңы катталган 6 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек шаары – 3;
Ош шаары — 1;
Ош облусу — 1;
Баткен облусу — 1.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 38 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

Бишкек шаары – 31;
Жалал-Абад облусу — 5;
Нарын облусу — 2.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1117 адамга жетти. Анын ичинен 783 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM