Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеӊештин экс-төрагасы коронавируска чалдыкты

Кыска кабар | 15 мая 2020 | 681 | 0

Коомдук ишмер, Жогорку Кеӊештин экс-төрагасы Мукар Чолпонбаев коронавирус илдетине кабылып, ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 5-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына COVID-19 коронавирус инфекциясы диагнозу менен жаткырылган. Дарылоо оор өтүүдө.

«Ден соолугунун начарлаганына байланыштуу, ал 12-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жандандыруу жана интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулган. Бүгүнкү күндө бейтап өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратында жатат. Абалы оор деп бааланууда», -деп айтылат маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM