Биз менен байланышыңыз

Коронавирус жуктургандардын саны 1111 адамга жетти

Кыска кабар | 15 мая 2020 | 777 | 0

Бүгүн, 15-майга карата Кыргызстанда дагы 29 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин өкүлү билдирди.

Жаңы катталган 29 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:

Бишкек ш. – 6
Чуй облусу — 4
Ош ш. — 4
Ош облусу — 1
Жалал-Абад облусу — 2
Нарын облусу — 11
Ысык-Көл облусу — 1

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 10 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
Бишкек шаары – 6;
Ош облусу — 4;

Ошондой эле бир сутка ичинде Нарын облустук ооруканасында коронавирустан 84 жаштагы аял жана Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 55 жаштагы эркек киши каза болду.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 1111 адамга жетти. Анын ичинен 745 бейтап сакайып, 14 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM