Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: 17-майга чейин туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 398 | 0

14-майдан 17-майга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

14-майда күндүз жана 15-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын, 15-майда Ысык-Көл облусунун, 16-майда күндүз жана 17-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда  жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

17-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM