Биз менен байланышыңыз

Момбеков: Өкмөт жылдын этегинде элдин шоруна калат

Кыска кабар | 14 мая 2020 | 400 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков парламенттин 14-майдагы жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министрилигинин, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин 2020-жылга каралган бюджети кескин кыскартылганын сындады.

«Кыргыз Республикасынын 2020-жылкы бюджетин өзгөртүү боюнча мыйзамдын долбооруна ылайык, Маданият министрлигинин казынасын 4,9 млн сомго, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин каражатын 50%пайызга,  туризм тармагынын бюджетин тең жарымга кыскартып салыпсыңар. Бизде Олимпиадага ким барат анда? Көчмөндөрдүн оюндарына ким даярданат? Азыркы күндө Абылгазиевге караганда Айсулуу Тыныбек кызын көбүрөөк тааныйт. Бороновго караганда Жоломан Шаршенбековду көбүрөөк тааныйт. Бул эмне деген саясат? Сырттан келген акча ашып калууда. Эмне үчүн мындай кыскартууга барып жатасыңар?»— дейт Момбеков.

Эл өкүлү өкмөт акыркы эки жылда бекитилген бюджетти толук аткара албаганын сынга алып, үчүнчү жылдан ишеним артуу күмөн экенин белгиледи.

«Өкмөт мындай аракети менен жылдын этегинде элдин шоруна калат. Маданият менен спортко болгон мамиле мамлекеттик саясат эмес», — деди депутат.

Момбеков маалымдагандай, өкмөт Кыргыз Республикасынын 2020-жылкы бюджетин өзгөртүү боюнча мыйзамдын долбооруна ылайык,

  • Парламенттин бюджетин 10%га (80 млн сомго),
  • Башкы прокуратуранын бюджетин 2,6%га (15 млн сомго),
  • Каржы министрлигинин бюджетин 4,6 %га (21 млн сомго),
  • Өкмөт менен президенттин иш башкармалыгынын бюджетин 0,4 %га (2,5 млн сомго) кыскарткан.

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM