Саламаттыкты сактоо тармагына 2019-жылы бюджеттен 14,6 млрд сом жумшалган. Андан тышкары мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагында 1,9 млрд сом тартылды. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 13-майда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.
Анын айтымында, өкмөт 2019-жылы “Дени сак адам – өнүккөн өлкө” мамлекеттик программасын кабыл алып, анын негизинде: ооруну алдын алуу, онкологияга, гемодиализге, дары-дармектерди камсыздоого, мед. кызматтардын жеткиликтүүлүгүнө жана автоматташуусуна басым жасалды.
3 гемодиализ борбору ачылды. 1517 бейтапка акысыз гемодиализ алуу үчүн 840 млн сом жумшалды.
Борборлоштурулуп сатып алуулардан 60 млн сом каражат үнөмдөлдү.
Саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгекке катышуу коэффициентин эске алып, айлык акыны эсептөө системасын киргизилди. Анын натыйжасында: бийик тоодогу, алыскы зоналарда иштеген, ошондой эле биринчи деңгээлдеги медициналык кызматкерлердин айлыгы 30 миң сомго чейин көтөрүлдү.