Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Өкмөт элден түшкөн акча кандай бөлүштүрүлгөнүн түшүндүрдү

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 478 | 0

Өкмөт Кыргызстанда коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражат кандай бөлүштүрүлгөнүн түшүндүрдү.

Маалыматка караганда, 12-майга карата Саламаттыкты сактоо министирлигинин эсебине 137 млн 288 миң 648 сом түшкөн. Анын ичинен 134 млн 144 миң сом медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн багытталган.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министирлигинин эсебине 17 млн 293 миң 262 сом түшкөн, анын ичинен 16 млн 139 миң 996 сом жумшалган.

Эсептердин абалы жана каражатты жумшоо тууралуу кененирээк маалыматтарды төмөнкү шилтеме аркылуу көрүүгө болот: https://help.covid.kg/covid_help/view/main.xhtml 

12-майга карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 21 учуру катталды. Анын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 10 киши;

Чүй облусу — 1;

Жалал-Абад облусу — 3;

Нарын облусу — 7;

Республика боюнча: 1037 киши.

Бир сутка ичинде Нарын облусунда 6 медициналык кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 241 учур катталды, алардын ичинен 186 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Коронавирус менен ооругандардын негизги бөлүгү 20 жаштан 60 жашка чейинки курактагылар. Учурда коронавирустан 709 бейтап айыкты. Бул көрсөткүч 79,5%ды түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM