Биз менен байланышыңыз

Депутат: Чек ара чырларында жаш аскерлер майып болуп калууда

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 665 | 0

Акыркы жылдары чек арада чыккан жаңжалдардан улам отуздай аскер кызматкери жабыркап, майып болуп калышты. Бул тууралуу Жогорку Кекңештин депутаты Таабалды Тиллаев тармактык комитеттин жыйынында өкмөттүн отчету угулуп жатканда билдирди.

Ал чек ара чырларында жаш аскерлердин саламаттыгынан ажыраганы көнүмүш адатка айланып калганын, аларга мамлекет көрүнүктүү жардам бере албай жатканын айтты.

Ушул жылдын 8-майында Баткендин Көк-Таш айылынын Чек аймагында 50 сотых жерди пайдаланууда Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан.

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматы  тажик чек арачылары күтүүсүздөн автомат, миномёттон ок чыгарганын кабарлаган.

Окуядан 3 кыргыз жоокери жана бир жергиликтүү тургун жаракат алган. Тажикстандын коопсуздук комитети эки тажик тургуну жаракат алганын билдирген.

2019-жылдын 16-сентябрында Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Максат айылында эки өлкөнүн чек ара аскерлеринин ортосунда ок атышуу болгон. Анда кыргыз тараптан 1 аскер кызматкери − Мамлекеттик чек ара кызматынын «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын жоокери Равшан Муминов каза болгон. Мындан тышкары, 13 киши жаракат алган.

Өкмөт декабрь айында Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай алып берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM