Биз менен байланышыңыз

Полковник Үсөнбек Ниязбековго эстелик тургузулду

Кыска кабар | 12 мая 2020 | 652 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин «Альфа» түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбековго эстелик тургузулду.

Бүгүн, 12-майда «Альфа» атайын күчтөрдүн кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон жоокерлерди эскерүү күнүнө карата, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө Үсөнбек Ниязбековдун эстелигинин ачылыш болду. Ага Өкмөт Аппаратынын өкүлдөрү, УКМК жетекчилиги, ардагерлер жана Ниязбековдун жакындары катышты.

Полковник Үсөнбек Ниязбеков 2019-жылдын 7-августунда Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып келүү учурунда каза болгон.

Ниязбеков Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Бел-Өрүк айылында 1972-жылы туулган. 2000-жылдан тарта УКМК органында кызмат өтөгөн.

Үсөнбек Ниязбеков каза болгондон кийин “Эрдик” медалы менен сыйланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM