Биз менен байланышыңыз

Чектеги атышууда 3 кыргыз чек арачысы жарадар болду

Кыска кабар | 8 мая 2020 | 982 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда Кыргызстандын 3 чек ара кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда ок атышуу токтогон. Учурда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү абалды турукташтыруу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Эскерте кетсек, бүгүн, 8-майда кечке жуук кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Баткен районунун Чек жерлигинде, аталган жерге тиешелүү болгон 50 сотых жерди талашып Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар ортосунда чыр-чатак болуп өткөн. Аталган жер такталбаган аймакта болуп, бирок бул жерди кыргыз тарап пайдаланып келген. Кыргызстан тараптан 30-40тай жаран, Тажикстандан 30-40тай жаран бири-бирине таш ыргытышкан.

Чыр-чатактын күчөп кетпөөнүн алдын-алуу максатында кыргыз-тажик чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атышкан.Ошол убакта кырдаал бир аз убакытка тынчый түшкөн.

Бирок ошол эле учурда Тажикистандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй миномёттон чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM