Биз менен байланышыңыз

Президент Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигин ачты

Кыска кабар | 7 мая 2020 | 606 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-майда, Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин ачылышына катышты.

Өлкө башчы Чолпонбай Түлөбердиев өз өмүрү менен Мекенин баскынчылардан коргоп калган баатырларыбыздын бири болгонун белгиледи.

Чолпонбай Түлөбердиев сыяктуу биздин аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын улуу эрдиктерин эсибизге сактоо жана аны кыргыз элинин өсүп келе жаткан муунуна жеткирүү биздин ыйык милдетибиз болуп саналат. Биз бүгүн тынч заманда жашап жатабыз. Бул үчүн биз арабызда жүргөн ардактуу ардагерлерге жана согуштан кайтпай калган баатырларга милдеттүүбүз, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы Улуу Жеңиш өтө көп жоготуулар менен келген улуу майрам экенин кошумчалады:

Улуу Ата Мекендик согуш Кыргызстандагы ар бир шаарга, ар бир айыл-кыштакка жана ар бир үй-бүлөгө кесепетин тийгизген. 

Баатырдын эстелигин орнотууга Бишкек шаарынын батыш бөлүгүндөгү өзүнүн аты коюлган парк тандалган. Эстеликти скульптор Марлен Бакачиев жасаган.

11 гектар аянтты ээлеген парктын аймагы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан толук оңдолуп-түзөлгөн. Буга чейин аталган паркка Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымын ыйгаруу демилгесин Кубанычбек Керимбеков жетектеген Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонд көтөрүп чыккан болчу.

Эстеликтин ачылышына Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана Орусия Федерациясынын элчиси Николай Удовиченко да катышты. Келгендер паркты көрүп чыгышты.

Тарых барактарына кайрылсак, Чолпонбай Түлөбердиев Улуу Ата Мекендик согушка 1941-жылы 19 жашында аттанган. Ал жылдары республикадан 365 миң адам кан майданга кетип, үчтөн бири кайра кайткан эмес.  150 миңден ашуун кыргызстандык ар кандай ордендер жана медалдар менен сыйланган

Copyright © 2017 Maral FM