Биз менен байланышыңыз

Улуу Жеңиштин ардагерлери, ооруктагылар 75 жылдык мааракелик медалдар менен сыйланат

Кыска кабар | 6 мая 2020 | 655 | 0

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана аларга теңештирилген адамдар, ошондой эле ооруктун эмгекчилери «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы менен сыйланат.

Президенттин атынан бүгүн, 6-майда, Республиканын шаарлары менен райондорунда аскер комиссариаттары менен биргеликте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан буга байланышкан иштер башталды.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ошол эле маалда ардагерлер менен ооруктун эмгекчилерине Россия Федерациясынын Президентинин атынан «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы тапшырылат.

Россия тараптын аталган медалды уюштуруу жана жасап чыгуу демилгеси 2018-жылдын 28-сентябрында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими менен бекитилген. Медаль жалпы КМШ аймагына бирдиктүү болуп саналат.

Эске салсак, 2020-жылдын 30-апрелинде президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Кыргыз Өкмөтү менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы менен сыйлоону ишке ашырат.

Кыргызстанда сыйлана турган согуш ардагерлеринин (согуштун катышуучулары, майыптар, концлагерлердин жашы жетпеген туткундары жана Ленинград блокадачылары) жалпы саны 234 адам.

Ошондой эле 1769 ооруктун эмгекчилери сыйланат.

Copyright © 2017 Maral FM