Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда кооптуу аймактардын жашоочулары көчүрүлдү

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 456 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан, Сарай, Нариман жана Кашкар-Кыштак айылдык аймактарында бүгүнкү күндө жер көчкү жана сел каптоо коркунучунун кесепеттери мүмкүн болуучу кооптуу аймактарында 31 үй-бүлө жашоолорун тобокелге салып, көчпөстөн, жашап келишүүдө. Кооптуу аймактарда жашап жаткан үй-бүлөлөрдү убактылуу коопсуз жайга көчүрүү үчүн чатыр шаарчасы уюштурулду. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов билдирди.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарды коопсуз аймактарга убактылуу көчүрүп чыгаруу максатында Папан айылдык аймагына 23 (жыйырма үч) даана 10 орундуу чатыр бөлүнүп берилди.

2-май күнү Кара-Суу райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Папан айылдык аймагынын Кызыл-Туу айылынын Жер-Капчал участкасына атайын чатыр шаарчасы уюштурулду.

Эскерте кетсек, Өгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров ӨКМдин негизги милдети болгон табигый кырсыктарды алдын алуу, кооптуу аймактарда жашап жаткан үй-бүлөлөрдү убактылуу көчүрүү, табигый терс кубулуштарга мониторинг жүргүзүү багытындагы иш-аракеттердин солгундалбашын эскерткен.

Copyright © 2017 Maral FM