Биз менен байланышыңыз

ИИМ: түндө коменданттык саатты бузган 142 жаран кармалды

Кыска кабар | 2 мая 2020 | 383 | 0

Түндө коменданттык сааттын (21:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин) шартын бузган 142 жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 121, Жалал-Абад шаары боюнча – 5, Ош шаары боюнча — 15, Ат-Башы району боюнча — 1 адам кармалып, ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилген.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4055 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

Ошондой эле 25-марттан баштап ушул күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 336 автоунаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Ички иштер министрлиги жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылды. Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылды.

Copyright © 2017 Maral FM