Биз менен байланышыңыз

Шашылыш билдирүү: 29-30-апрелде туруксуз аба-ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 29 Апр 2020 | 371 | 0

29-30-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүң.  29-30-апрелдерде кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

29-апрелден күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүп, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап, жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM