Биз менен байланышыңыз

Президент: Ишин баштай турган объектилерде санитардык коопсуздукту сактоо маанилүү

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 830 | 0

«Ишин кайрадан баштай турган экономиканын объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо абдан маанилүү. Бул багытта жергиликтүү бийлик  Саламаттык сактоо министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция менен өз ара тыгыз иш алып барышы зарыл. Ишканалардын жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагылат», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүн этап-этабы менен жандандыруу жөнүндө сунуш киргизди.

Белгиленгендей, өзгөчө абалдын шартында экономикалык субъектилердин ишин жандандыруу планында объектилердин конкреттүү тизмеси, кызматкерлеринин саны, иш убактысы жана кызматкерлерди жумуш орундарына жеткирүү ыкмасы так, даана көрсөтүлүшү керек.

Ошону менен катар айрым чектөөлөр өзгөрүүсүз калат.

«Мисалы, маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калат. Жогорку окуу жайлар, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирүүгө/чыгууга санитардык-карантиндик блокпосттор өзүнүн ишин улантат», — деди мамлекет башчысы.

Муну менен биргеликте, экономикалык чөйрөнүн иши кайра жанданганына байланыштуу блокпосттордун саны кыскартылат.

Ошондой эле өлкө аймагына чет элдик жарандардын киришине тыюу салуу күчүндө калат.

Жээнбеков: Өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылат

Copyright © 2017 Maral FM