Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылат

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 2043 | 0

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын областынын Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү 10-майга чейин узартылат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

«Эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылат», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынында.

Мындай чечим биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун азыркы кырдаал тууралуу баяндамаларынан кийин кабыл алынды.

Алар Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда ушул жылдын 10-май күнүн кошуп эсептегенде өзгөчө абалды узартуу максатка ылайык экендигин белгилешти.

Калган аймактарда өзгөчө абалдын шарты токтотулуп, өзгөчө кырдаал режими күчүндө калтырылат.

«Өкмөт  бардык мамлекеттик органдар, Коопсуздук кеңеши тарабынан сунушталган тийиштүү антикризистик иш-чараларды улантуусу зарыл. Планга өзгөртүүлөрдү киргизгенде, комендатуралардын, жергиликтүү бийликтин  бизнеске жеңилдиктерди берүүгө тиешелүү  сунуштарын, ой-пикирлерин эске алуу керек», — деди Мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйыны айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэринин катышуусунда өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана республикада социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чараларды карап жатат.

Эске салсак, өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондоруна жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2020-жылдын 25-мартынан 15-апрелге чейин киргизилген.

Нарын облусунун Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына 2020-жылдын 15-апрелинен тартып өзгөчө абал киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM