Биз менен байланышыңыз

Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат

Кыска кабар | 28 Апр 2020 | 662 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Ага айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэри катышууда. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана Кыргызстанда социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар каралууда.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун, вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин, Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү, анын экономикага болгон кесепеттерин азайтуу жана өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтары угулуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM