Биз менен байланышыңыз

25-апрелге карата аба-ырайы: айрым аймактарда өткүн өтүшү күтүлөт

Кыска кабар | 24 Апр 2020 | 408 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 25-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми күндүзү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25;

Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15 градус, күндүз +23…+25 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM