Биз менен байланышыңыз

Бишкекте жасалма өткөрмө кагазын жасап, 1500 сомдон саткан жаран кармалды

Кыска кабар | 24 Апр 2020 | 554 | 0

Бишкек шаарында 1,5 миң сомго жасалма уруксат кагазын саткан 1990-жылы туулган Б.Р. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелдеги онлайн брифингде Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, тергөө учурунда андан жасалма мөөр, уруксат барактар табылган.

«Жасалма өткөрмө кагаздары менен алектенип, аларды 1500 сомдон сатып жүргөн 1990-жылы төрөлгөн жигитти кармадык. Андан мөөр, клише жана өткөрмө кагаздар алынды”, — деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

Комендант бул учурду аныктоого көмөктөшкөн журналистке ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалганын билдирди.


ИИМ: Бүгүн 106 киши эрежени бузду. Алардын көбү Бишкекте

Copyright © 2017 Maral FM