Биз менен байланышыңыз

Президент: Ушундай катаал кырдаалда кимдин ким экендиги билинет

Кыска кабар | 20 Апр 2020 | 980 | 0

Өкмөт эпидемиологиялык кырдаалга жараша ишкер чөйрөнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен өзгөчө абал киргизилген аймактарга талаптарды жумшартуу, анын ичинде айрым ишкер субъектилердин ишине уруксат берүү сунуштарын даярдап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык мэриясынын өзгөчө абал шартында калктын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү боюнча ишмердиги менен таанышуу үчүн «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасына барганында белгиледи.

Президент азыркы тапта өлкө боюнча облустардын, райондордун, шаарлардын бардык жетекчилери чоң сыноодон өтүп жаткандыгын айтты.

«Мамлекеттик бийлик органдары үчүн бул — татаал сыноо. Мына ушундай катаал кырдаалда кимдин ким экендиги билинет. Бишкекте карантиндин алгачкы күндөрү көп мүчүлүштүктөр болду. Азыр кемчиликтер жоюлуп, зарыл иштер ырааты менен жүргүзүлүп жатат», — деди Жээнбеков.

«Биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз кайсы бир мамлекеттерге караганда чектелүү болушу мүмкүн, бирок биз өз жарандарыбызды ушундай кырдаалда колдоп алууга дараметибиз жетет», — деген өлкө башчысы калкты азык-түлүк менен колдоо зарылдыгын айтты.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов бул сыяктуу борборлор шаардын бардык райондорунда ачылып, жардамга муктаж 85 миң үй-бүлөнүн тизмеси түзүлгөнүн айтты. Муниципалитет жардамга муктаж жарандарга колдоо көрсөтүүнүн экинчи этабына киришип жатат.

Бүгүнкү күндө борбор калаадагы 42 миңден ашык жардамга муктаж үй-бүлө, Бишкек шаарына жакын жайгашкан айылдардагы  2,5 миң үй-бүлө азык-түлүк топтому менен камсыз болду.

Өкмөт тарабынан 300 тонна ун бөлүндү. Жакынкы мезгилде дагы 300 тонна ун, 90 тонна кумшекер, 30 миң азык-түлүк топтомун бөлүү мерчемделүүдө. Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бул максатта жалпысынан 16 миң азык-түлүк топтому бөлүнүп берилет.

Кыргызстанда 25-мартта киргизилген Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал режими апрелдин аягына чейин узарды. Бул тизмеге Нарын шаары менен Ат-Башы району да кошулду.


Copyright © 2017 Maral FM