Биз менен байланышыңыз

Дубайдагы кыргызстандыктар үчүн 26-апрелге чартердик рейс уюштурулууда

Кыска кабар | 17 Апр 2020 | 714 | 0

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмирлигинин авиациялык бийлиги менен биргеликте кыргыз жарандарын алып кетүү үчүн ушул жылдын 26-апрелинде Дубай-Бишкек каттамы боюнча чартердик рейс уюштуруу маселесин иштеп жатат. Бул тууралуу республикалык ыкчам штаб билдирди.

Бул маселе чет өлкөлөрдөгү мекендештерди кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында КР Президентинин тапшырмасынын негизинде чечилүүдө. Ошондой эле КР жарандарын БАЭден эвакуациялоо үчүн 3-майда жана 10-майда да кошумча каттамдарды уюштуруу тууралуу алдын ала макулдашууга жетишилди.

Эскерте кетсек, учурда чет өлкөлөрдөн үйүнө кайта албай калган 2000дей жаран бар. Алардын арасынан бүгүн Түркиядан 200 кыргызстандык атайын рейс менен Кыргызстанга учуп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM