Биз менен байланышыңыз

ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Кыска кабар | 16 Апр 2020 | 382 | 0

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны коронавируска байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде “РИА Новости” маалымат булагы ЖККУнун маалымат катчысы Владимир Зайнетдиновго таянып жазып чыкты.

Жыйын бүгүн, 16-апрелге белгиленген болчу. Пандемияга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылды. ЖККУнун Тышкы иштер жана коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны өтө турган күнү азырынча белгилсиз, — дейт Владимир Зайнетдинов.

ЖККУ уюмуна Кыргызстан, Орусия, Армения, Тажикстан, Казакстан жана Беларусь өлкөлөрү кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM