Биз менен байланышыңыз

Макрон кечирим сурады: «Биз эпидемияны олуттуу кабыл албадык эле…»

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Апр 2020 | 657 | 0

Франция президенти Эммануэль Макрон мамлекетте коронавирус эпидемиясына каршы жетишерлик даярдык көрбөгөнү үчүн телевидение аркылуу калкынан кечирим сурады.

Президент эфир аркылуу өзүнүн айыбын моюнуна алып, өлкөдө колкап, беткап жетишсиздиги пайда болгонун айтты. Ошондой эле ал бул окуядан мамлекет чоң сабак алып, мындан ары медициналык коргонуучу каражаттар жана дезинфекциялоочу заттарды камсыздай турганын да айтып өттү.

Макрондун бул кайрылуусун өлкө боюнча 36,7 миллион адам көрдү. Мындай көрсөткүч француз телевидениесинин тарыхында эң көп көрүүчү топтогон окуя катары катталды.

Буга чейинки рекорд 1998-жылы дүйнөлүк футбол чемпионатынын финалында катталып, анда аталган оюнду бир учурда 13 миллион адам көргөн болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM