Биз менен байланышыңыз

7 бейтап COVID-19 вирусунан сакайып чыкты

Кыска кабар | 15 Апр 2020 | 453 | 0

Өткөн бир сутка ичинде коронавирустан 7 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымына, алардын экөө Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан, ал эми 5 бейтап Бишкек шаарынан. Бейтаптар ооруканадан чыгарылып жатканда текшерилип, алардын организминде коронавирустун белгилери таптакыр жок экени аныкталган.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 78 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылганын министрдин орун басары кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM