Connect with us

COVID-19: 15-апрелде 19 учур катталды. Алардын 15и медицина кызматкерлери

Кыска кабар | 15 Апр 2020 | 798 | 0

Бүгүн, 15-апрелге карата өлкөдө COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо минисринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди. Алардын ичинен Бишкекте – 5, Ошто – 12, Ош облусунда – 2 бейтап. Жаӊы катталган учурлардын ичинен 14ү аял, 5и эркек.

Сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын арасында 15и медициналык кызматкерлер. Алар: Бишкек шаарында – 3, Ош облусунда – 2, Ош шаарында – 10. Муну менен жалпы республика боюнча медициналык кызматкерлеринин арасында COVID-19 диагнозу аныкталган учурдун саны 98ге жетти.

15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы учур 449га жетти. Алардын ичинен: Ош облусунда – 130, Жалал-Абад облусунда – 93, Бишкек шаарында – 82, Ош шаары – 71, Чүй облусунда – 28, Нарын облусунда – 34, Ысык-Көл облусунда – 6, Баткен облусунда – 5 учур. Катталган учурлардын ичинен 244 аял кишилер болсо, 205и эркектер.

Copyright © 2017 Maral FM