Биз менен байланышыңыз

Саламаттык сактоо министрлиги: COVID-19 илдетинин жогорку чеги 20-24-апрель күндөрү күтүлүүдө

Кыска кабар | 14 Апр 2020 | 475 | 0

Кыргызстанда COVID-19 илдетинин жогорку чеги 20-24-апрель күндөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы COVID-19 илдетинин өлкөдө жайылышы боюнча абалды изилдеген топтун тыянагында айтылат, деп билдирди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Божомолдоо – жакшы эмес. Бирок Саламаттык сактоо министрлигинде башынан эле божомолдук топ түзүлгөн, анын курамына алдыӊкы адистер, илимийизилдөө бөлүмдөрүнүн жана академиялык мекемелердин окумуштуулары кирген. Дүйнө жүзү боюнча пандемиянын эпидемиялык көрсөткүчтөрү туруктуу түрдө каралып жатат. Биздин өлкөдөгү абалды божомолдоого бардык күч-аракеттерибизди жумшап жатабыз, эксперттик топтун акыркы тыянактарына ылайык, оорунун жогорку чеги 20-апрелден 24-апрелге чейин деп күтүлүп жатат. Буга эртерээк жетип, өтүп кетсек дейм, анткени андан ары сөзсүз түрдө төмөндөө болот. Бул оорунун алдын алууга өтүүгө көмөктөшөт, ал эми биздин жарандар азыр бардык чектөөлөрдү так сакташы зарыл, бул соӊку максатка таасирин тийгизет коронавирус инфекциясын жугузуп алуу фактыларын жана механизмин үзүү, — деди министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Белгилеп кетсек, бүгүн, 14-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен:
Бишкекте – 8, Чүй облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 2.
Жаӊы учурлардын ичинен 6 аял, 5 эркек.

14-апрелге карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны жалпысынан 430га жетти. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 93, Ош облусунда – 128, Ош ш. – 59,
Чүй облусунда – 28, Бишкек ш. – 77, Баткен облусунда – 5, Нарын облусунда – 34, Ысык-Көл облусунда – 6. Катталган учурлардын ичинен 230 аял, 200 эркек.

Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылды. Аларга кайрадан жасалган анализдеринде коронавирус илдетинин белгилери жок болуп чыкты.

Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 71 бейтап ооруканадан чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM