Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 365 гана жасалма дем алдыруучу аппарат бар

Кыска кабар | 14 Апр 2020 | 462 | 0

Кыргызстандагы ооруканаларда жалпысынан  өпкөнү жасалма дем алдыруучу 649 аппарат бар. Анын 365и гана иштесе, калганы иштебейт. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде парламенттеги жыйында саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдукаримов билдирди.

Жасалма дем алдыруучу аппараттардын 75 даанасы такыр жарактан чыккан. Мындан улам, министрлик учурда дагы 100 чакты дем алдыруучу аппаратты чет өлкөдөн сатып алуу боюнча иштерди аткарып жатканы айтылды.

Ал эми кайрымдуулук фонддор тарабынан 4 жасалма дем алдыруучу аппарат алынып, алар Бишкек шаарындагы, Баткен облусундагы, Токмок жана Жалал-Абад шаарларындагы инфекциялык стационарларга берилди. Бүгүнкү күндө республика боюнча коронавируска кабылгандарды кабыл алуучу 13 стационар бар.

14-апрелге карата өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 430га жетип, анын 71и айыкты. 5 жаран каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM