Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирустан жалпы 71 адам айыкты

Кыска кабар | 14 Апр 2020 | 598 | 0

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 430га жетти. Анын ичинен 71 адам толугу менен айыкты.

“Өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 4 бейтап айыгып, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан чыгарылды, чыгып жатканда кайрадан жасалган анализдерин терс деп көрсөткөн. Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 71 бейтап ооруканадан чыгарылды”, — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Кошумчалай кетсек, учурда COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 100 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):
Жакын байланыштар (I категория) – 1 417,
Башка байланыштар (II категория) – 5 683.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM