Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Бардык муктаждарга жардам берилет

Кыска кабар | 11 Апр 2020 | 602 | 0

Көптөгөн жарандар кандай оор абалда калганын биз жакшы түшүнүп турабыз. Бирок азырынча өз алдынча изоляциядан башка коркунучка каршы туруунун таасирдүү ыкмасы жок. Ошондуктан биз дарыгерлердин жана адистердин сунуштамаларын угууга тийишпиз. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Жыйын учурунда Өкмөт башчы белгилегендей, жарандардын үй карантини режимин сактоолору — коронавирус инфекциясынын жайылуусуна каршы ийгиликтүү күрөшүүнүн башкы шарты болуп саналат.

Анын айтымында, Өкмөттүн чечими менен 80 миңден ашуун муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүү үчүн азык-түлүк топтому чогултулуп, 10 миң тонна ун бөлүнгөн. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тегерегинде каттоосуз жашаган, пенсия жана жөлөкпулдарды албаган жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 600 тонна ун жана 35 тонна кумшекер бөлүү чечими кабыл алынган.

Анын маалыматында, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министирлигинин атайын эсебине 10 млн 846 миң сом түшкөн, анын ичинен 4 млн 380 миң сом азык-түлүк топтомун сатып алып, таркатууга жумшалган.

«Айлык акыларды төлөп берүүдө эч кандай көйгөйлөр жана кечиктирүүлөр болбойт», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Copyright © 2017 Maral FM