Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Бюджеттин киреше бөлүгү 20% азайышы мүмкүн

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 454 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынында коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүү боюнча бир катар сунуштарды киргизди. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы чек аралардын жабылышы элди жана дарыгерлерди медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздоого өз залакасын тийгизгендигин билдирди.

«Болжол менен биздин бюджеттин киреше бөлүгү бул илдеттин кесепеттеринен 20 пайызга азайышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу, гуманитардык жүктөрдү жеткирүүдө, калкты күнүмдүк зарыл товарлар, дары-дармектер жана медициналык жабдыктар менен камсыз кылууда чек араларда тоскоолдуктарды азайтууну сунуштайм. Азык-түлүк коопсуздугуна кирген товарлардын тизмеси менен алмашып, анын негизинде Түрк кеңешинин товарларынын бирдиктүү реестрин иштеп чыгуу зарыл. Жүк ташуучу транспорттордун чек аралар аркылуу өтүүсү жана жаралган көйгөйлөр боюнча ыкчам маалыматтар менен алмашуу алгоритмин бекитүү керек», — деди президент.

Сооронбай Жээнбеков уюмга мүчө мамлекеттердин арасында жогоруда аталган товарларды экспорттоодо бааны төмөндөтүү, аларды жеткирүүдөгү административдик жана бажылык алымдарды жеңилдетүү механизмдерин иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

Ошону менен бирге Түрк кеңешинин катчылыгына бирдиктүү онлайн платформа түзүү тапшырмасын берүү туура экенин айтты.

«Бул платформанын алкагында ар кандай кооптуу оорулар менен күрөшүү максатында бирдиктүү дары-дармектердин виртуалдык базасын түзүү сунушталат. Онлайн платформа биздин мамлекеттерден келген жарандарды текшерүүнү, илдетке чалдыккандарды жана алар менен байланышкан адамдарды өз убагында аныктоону тездетет», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Жогоруда белгиленген кыргыз тараптын сунуштары ортодогу боордоштуктун духуна шайкеш келерине жана колдоо табарына ишенимин билдирди. Уюмдун дарамети натыйжалуу пайдаланылса, алдыда турган кыйынчылыктарды бирге басып өтүүгө кеңештин мүчө өлкөлөрүндө бардык шарттар бар экендигин кошумчалады.

Түрк кеңешинин мүчө мамлекеттери — Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын жетекчилигине учурдагы кырдаалда колдоо көрсөтүп жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирди.

Коронавирустун дүйнө жүзүнө жайылышы жана бул кырдаалдын созулушу — көп тобокелдиктерди жаратып жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM