Биз менен байланышыңыз

ИИМ: 9-апрель түнү коменданттык саатты бузган 50 жаран кармалды

Кыска кабар | 10 Апр 2020 | 481 | 0

9-апрель саат 20:00дөн тартып 10-апрель таңкы саат 07:00гө чейинки коменданттык сааттын шартын бузган 50 жаран кармалып, 7 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен: Бишкек шаары боюнча — 37, Ош шаары боюнча — 2, Жалал-Абад шаары — 4, Сузак району – 3, Кара Суу району — 3, Ноокат районунда — 1 жаран кармалып, ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2242 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыктарына ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-март саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилип, саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM