Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Коменданттык сааттын шартын бузган 92 жаран кармалды

Кыска кабар | 8 Апр 2020 | 360 | 0

Өткөн бир суткада коменданттык сааттын шартын бузган 92 жаран кармалган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алардын ичинен:

• Бишкек шаары боюнча — 58;
• Ош шаары боюнча — 5;
• Жалал-Абад шаары — 12;
• Сузак районунда — 15;
• Кара-Суу районунда- 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок.

Жалпысынан өзгөчө абал киргизилген күндөн тартып, тактап айтканда, 25-марттан бери 2101 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу тарабынан кармалды.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыктарына ылайык, Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына 25-мартта саат 8-00дөн тарта 15-апрель саат 8-00гө чейинки мезгил аралыгына өзгөчө абал киргизилип, саат 20:00дөн таңкы саат 07:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM