Биз менен байланышыңыз

4-апрель: Коронавирус дагы 14 адамда аныкталды

Кыска кабар | 4 Апр 2020 | 1144 | 0

Бүгүн, 4-апрель саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 14 учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаӊы учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:
Бишкек – 1;
Ош облусунда – 5;
Ош шаарында – 2;
Жалал-Абад облусунда – 6.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны  144гө жетти. Алардын ичинен 6 адам айыгып, бирөө каза болду.

СOVID-19 вирусу аныкталган 144 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:

  • Бишкек – 15;
  • Ош шаары – 12;
  • Ош облусунда – 35;
  • Баткен облусунда – 3;
  • Жалал-Абад облусунда – 67;
  • Чуй облсусунда – 6;
  • Ысык-Көл облусунда – 2;
  • Нарын облусунда – 4.

Copyright © 2017 Maral FM