Биз менен байланышыңыз

Ош облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 378 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-апрель күнү саат 19:50дө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан, Ата-Мерек, Кызыл-Туу, Алчалуу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM